25-марттан 31-мартка чейин Бишкекте Франкофония жумалыгы өтөт. Аталган иш чара Кыргызстандагы Франция жана Швейцариянын элчилиги уюштурат. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта, маалымат жыйында Франциянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматташуу жана маданият боюнча атташеси Элен Гобильяр билдирди.
Жумалыктын алкагында француз жана швейцариянын маданияты Кыргызстандын элине тартууланат. Анын ичинде ашкана, кино, музыка жана мастер-класстар тартууланат.
Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматташуу боюнча директор орун басары Реми Дуивен: "Кыргызстанда түрдүү маданияттын өкүлдөрү бар, андыктан франциянын жумалыгын Кыргызстанда белгилөө кызыктуу болот деп ишенем",- дейт.