Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн Нарынга барат

19-20-март күндөрү төрага Асылбек Жээнбеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы шайлоочулар менен жеринде иш алпаруу алкагында Нарын облусунда жумушчу иш сапарында болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Делегация курамында депутаттар Чыныбай Турсунбеков (КСДП), Майрамкүл Тиленчиева ("Ар-Намыс"), Алмазбек Баатырбеков ("Республика"), Абдыманап Кутушев (СДПК), Өмүрбек Текебаев ("Ата Мекен"), Эсенгул Исаков ("Ар-Намыс") бар.

Иш сапарынын жүрүшүндө 19-март күнү Ак-Талаа районундагы социалдык объектилердин, анын ичинде Баетов айлындагы кыртыш сууларынын көтөрүлүшөн улам жабыркаган турак жайлардын, Э.Карасартов атындагы мектептин абалы менен таанышуу пландаштырылууда. Ошондой эле, Маданият үйүндө шайлоочулар менен жолугушуу өтөт.

Күндүн экинчи жарымында делегациянын иш сапары Ат-Башы районунун Бирлик айылындагы С.Мырзакматов атындагы мектептин абалы менен таанышуу аркылуу улантылат. Андан соң Ат-Башы айылындагы Маданий-спорт комлексинде жергиликтүү тургундар менен жолугушуу болот.

20-мартта төрага баштаган делегация Нарын шаарындагы Ү.Асанов атындагы лицей-интернатка барат, андан кийин "Шалбар" ишканасынын иши менен таанышат.

Делегациянын Нарын облусундагы жумушчу иш сапары Нарын шаарынын Жаштар үйүндө аймак коомчулук өкүлдөрүнө жолугуу менен аяктамакчы.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Регламентине ылайык, 18-22-март аралыгында депутаттар шайлоочулар менен жеринде иш алпарат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД