18-мартта президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги отуруму өттү.
Анда президент азыр көптөр электр энергиясына тарифтерди жогорулатуу маселесин олуттуу талкуулап жүрүшкөндүгүн, айрымдар бул жөнүндө абдан ынануу менен кеп кылышарын айтты. Мамлекет башчысына берилген маалыматтар боюнча Кыргызстандын энергия секторунда рентабелдүүлүк калкты тейлөөдө 112%ды, ал эми өнөр жай объектилерине карата 354%ды түзөт экен. "Рентабелдүүлүктүн мындай деңгээли жөнүндө азыркы бизнесте ал тургай кыялданышпайт... Бул жерде тарифтерди кайсы көтөрүү жөнүндө сөз болушу мүмкүн?!", – деп суроо салды президент. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Жыйынга катышкан энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетовдун айтымында 2012-жыл ичинде энергиянын жалпы жоготуулары 21%ды түзгөн. Министр өткөн кышта да электр энергиясын авариялык өчүрүүлөр болгондугун белгилеп өттү.
Ошол эле учурда Автандил Калмамбетов 2015-жылы "Датка-Кемин" пайдаланууга берилгенден кийин гана энергетикадагы көп көйгөйлөр чечилерин баса белгиледи. Отурумда ошондой эле Камбар-Ата-2 ГЭСи долбоору боюнча ишти улантуунун зарылдыгы жөнүндө маселе да сөз болду. Бул долбоор боюнча аны жүзөгө ашырууга мурда бөлүнүп берилген каржылык каражаттардын пайдаланылышын текшерүү зарылдыгы белгиленди.