"Народный" дүкөндөрүнүн биринен ууру колго түштү. Бул тууралуу шаардык ИИБдин басмасөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 26 жаштагы бишкектин тургуну тамеки уурдоону жакшы өздөштүргөн. Ал кассирлерди алаксытып, текчеде турган тамекилерди билгизбей уурдап кеткен. Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан "Народный" дүкөнүнөн ал миң сомго жакын тамекини уурдап кеткен.
Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери шектүү делген жаранды кармашкан. Иликтөө учурунда ал ушул өңдүү алты фактыга тийиштиги бар экени аныкталган.