Нарын районунун Бишкек-Торугарт унаа жолунун 292-чакырымында (Кара-Үңкүр чеги) кечээ, 17-мартта саат 13:15 чамасында тоонун боору өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн Саат 14:40да аталган аймакка КР ӨКМнын Нарын райондук өрт коопсуздугу бөлүгүнүн башчысынын жетекчилиги менен КР ӨКМнын №16 өрт коопсуздугу бөлүгүнөн 1 бөлүм, токой чарбасынан 10 адам жана жергиликтүү тургундардан 11 адам барышкан. Саат 14:42де өрт чектелип, саат 18:05те толук өчүрүлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.
Өрттүн кесепетинен 1,5 гектар жер, 40 түпкө жакын карагай жана 6 баш кой, 5 баш эчки өлгөн. Өрт жаш балдардын отко болгон этиятсыздыгына улам чыккан. Райондук жарандык коргоо комиссиясы тарабынан келтирилген чыгым такталууда.
Жарандык коргоонун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча республиканын аймагында 17 өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоонун алдын алууга 24 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.