21-март Нооруз майрамына карата Түркиянын Стамбул шаарында салтанаттуу иш чара уюштурулат. Майрамдык программа Кыргызстан Достук жана Маданият Коому (КДМК) жана Этникалык Кыргыздардын Коому тарабынан биргеликте өтөт. Иш чаранын жүрүшүндө Кыргыздардын улуттук тамак-аштары жана кол-өнөрчүлүктөрү элдин сынына коюлат. Муну менен бирге боз үй тигилип, келген меймандарга сүмөлөк таратылат. Бул тууралуу "ВБ"нын Стамбулдагы өкүлү Элеонора Кыдырова билдирет.
Иш чарага ырчылар Тата Улан жанa Гүлзада Рыскулова, "Энесай" фольклордук тобу, "Мурас" ансамбли, ошондой эле бийчи жана манасчылардан турган 20 кишиден турган өнөр адамдарынын келиши күтүлүүдө.
Эске салсак, ушул эле майрамдык программа 22-март күнү Анкара шаарында болот. Ал эми 23-март күнү "Хасан Йүжел" маданият борборунда Этникалык Кыргыздардын Коому тарабынан Нооруз майрамына арналган иш-чара өтөт.