2013-жылы бир катар жаңы конуштарды 30 млн сомго суу менен камсыз кылуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта, Бишкектин вице-мэри Төрөбек Имашев билдирди.
"Ак-Ордо", "Рухий Мурас" "Мурас-Ордо", "Арча-Бешик" жаңы конуштарын суу менен камсыз кылуу каралууда. Бул иштерди жасоого 30 млн сом бөлүнөт. 2011-2012-жылдары Европанын реконструкция жана өнүгүү банкы аркылуу 731 млн алынган. Ошондой эле 2,5 чакырым жолдун бетине асфальт төшөө үчүн 87 млн сом бөлүү пландалууда",- дейт ал.
Вице-мэр Бишкек троллейбус башкармалыгына 45 млн сом бөлүү пландалганын билдирди. Ал эми Бишкек автотранспорт ишканасына 105 млн сом каралууда. Жалпысынан шаардык транспорт тармагына 150 сом каралган. Бишкек троллейбус башкармалыгы 79 жаңы троллейбус алат.