Быйыл ЖРТнын жыйынтыгы жок ЖОЖго тапшыруу мүмкүн эмес

Быйыл КР билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2012-жылы жогорку окуу жайларындагы гранттык орундарга жана контрактык негиздеги окутуу формаларына (күндүзгү, дистанттык жана кечки) тапшыруу үчүн Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы милдеттүү деген чечим кабыл алган. Бул тууралуу деп бүгүн, 18-мартта, маалымат жыйында Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Абдуманап Жолдошев билдирди.

Ал ошондой эле ЖРТга катталуу баасы өзгөрүүсүз калганын кошумчалады. "Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) катышууну каалаган абитуриенттер 220 сом төлөп каттоодон өтө алат. Ошондой эле кошумча тест тапшыруу үчүн да 22 сом төлөө керек. Тестин баасы быйыл да өзгөргөн жок", - деди ал.

Ал былтыр ЖРТга 55 миң абитуриент катышканын айтты. "Быйыл канча катыша тургандыгы жөнүндө алдын ала маалыматтарды чыгаруу кыйын. Анткени канча бүтүрүүчү Жогорку окуу жайга тапшырат билбейбиз. Анан да былтыр тапшырып өтпөй калгандар да катышышы мүмкүн. Биз болгону тести тапшыргандан кийин гана канча абитуриент быйыл катышканын айта алабыз", - деди ал.

USAIDдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директор орун басары Лауренс Хелд USAID ушул жылдын июнь айынан баштап башталгыч класстарга багытталган долбоор ишке аша турганын билдирди. "Бул долбоор 1-4-класстардын окуучуларынын окуу жөндөмдүүлүгүн артырууга багытталат. Билим берүү министрлиги менен биргеликте июнь айында башталат жана 2017-жылга чейин улантылары пландалууда", -деди ал.

Белгилесек, ЖРК 2002-жылдан бери АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосунда өтүп келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД