Быйыл жалпы республикалык тестирлөө 18-майда башталат

Абитуриенттер үчүн быйыл жалпы республикалык тестирлөө 18-майда башталат. Каттоо 11-марттан 11-апрелге чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта, маалымат жыйында Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Абдуманап Жолдошев билдирди.

"Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун" директору Инна Василькованын айтымында, быйыл өзбек тилинде ЖРТ тапшыруу каралып атканын белгиледи. "Азыр өзбек тилинде тест тапшырууну каалагандарды каттоо жүрүп атат. Эгер өзбек тилинде тест тапшырууну каалагандардын саны көп болуп, ага талап болсо, өзбекче тест тапшыруу жагы каралат. Аны билим берүү министрлиги чечет", - дейт ал.

Ал ошондой эле тест тапшыруу учурунда калькулятор, фотоаппарат, уюлдук телефон алып киргендер эскертүүсүз тест тапшыруудан четтетиле турганын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД