ОРТ качан канчасында откорулот?
Быйылкы жалпы республикалык тестирлөөгө катышууну каалап, бирок паспорт алууга жашы жеткен абитиуриенттерден милдеттүү түрдө паспорт талап кылынат. Бул тууралуу "Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун" директору Инна Василькова бүгүн, 18-мартта, маалымат жыйында билдирди.
Ал ошондой эле абитуриенттер кошумча тесттерди тапшырууга милдеттүү эмес экенин айтып, Жогорку окуу жайына тапшыруу үчүн негизги тести тапшыруу гана жарай турганын кошумчалады. "Андан сырткары кайсыл багыт боюнча билим алгысы келгендер ошол жакка талап кылынган кошумча тесттерди тапшырат. Мисалы, медициналык багыт боюнча билим алууну каалагандар биология жана химия сабактарынан, ал эми инженердик багыт боюнча билим алууну каалаганда физика жана математикадан берет", - деди ал.
Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөдөгү негизги суроолор 150. Анын 60ы математикадан болот. Андын сырткары окшоштуктар, сүйлөмдөрдү толуктоо, текстерди окуу жана түшүнүү жана эне тилде практикалык граматика болуп, төрт бөлүктөн турат.