Ташчайнар "Україна має талант!-5" конкурсунун финалына өттү

Кыргызстандык балбан, каймана Ташчайнар деген ат менен белгилүү болгон Нурлан Алишеров "Україна має талант!-5" конксурсуна катышуу үчүн 16-мартта кастингден өттү.

Бир жума мурун Одессада тандоо туру болуп, телешоунун бешинчи сезону башталды.

Белгилей кетсек, 36 жаштагы Кыргызстандык балбан Нурлан Алишеров калыстарды тиши менен жасаган трюктары аркылуу таң калтырды.

Ташчайнардын айтымында, анын күчү мындан эки жыл мурун пайда болгон.

Буга чейин ал тиши менен 12 тонналык автобусту 33 метрге чейин сүйрөгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД