Токон Мамытов: "Чарбак" бекетинде болгон окуя боюнча командирлер жоопко тартылды

"Чарбак" чек ара постунда болгон инцидент боюнча эки командир дициплинардык жоопкерчилик алды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта, КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытов коллегиялык жыйында журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, ведомствонун коллегиялык жыйынында, Баткен облусунун чек ара бөлүгүнүн командири Нурлан Керимбеков жана аталган бөлүктүн штаб жетекчиси Толкун Матиевге кызматтык иштерин так аткарбагындыгы үчүн эскертүү берилген.

Эскертсек, үстүбүздөгү жылдын 5-январында кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан Сок анклавында 50-60дай киши чогулуп, "Эркин" жеке энерготармактын кызматкерлери анклав менен чектешкен аймакка түркүктөрдү орнотуусуна каршылыгын билдиришкен. Ушуга байланыштуу окуя болгон жерге "Чарбак" чек ара бекетинин жетекчиси келген. Кийин нааразы болгондордун саны 5 миңге жетип, алар чек ара бекетине кол салышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД