Адвокат: Башкы прокуратура атажуртчуларга карата мыйзамсыз кылмыш иш козгоду

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Жогорку Кеңештин депутаттары – Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго карата мыйзамсыз кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүнкү, 15-марттагы, сот учурунда Камчыбек Ташиевдин адвокаты Жылдызбек Бабаев билдирди.

Анын айтымында, депутаттарга карата кылмыш иши башкы прокурор Аида Салянованын орун басары Нурлан Жээналиев тарабынан козголгон. "Мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарына Башкы прокурор гана кылмыш ишин козгой алат", -деди ал.

Ал ошондой эле, 3-октябрдагы митинг учурунда "Ак үйдүн" тосмосун болжол менен 20 киши секирип өткөнүн айтып, эмнегедир кылмыш иши 4-5 кишиге карата эле козголуп атканын кошумчалады. "Демек алар оппозицияда болгону үчүн болду. Алардын күнөөсүн далилдей турчу фактылар жок, коюлган айыптар прокурордун гана фантазиясы", -дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД