Бажы кызматынын полковниги пара менен кармалды

МУККнын коррупцияга каршы кызматы 10 миң сом пара алып аткан жеринен Мамлекеттик бажы кызматынын А. К. аттуу полковнигин кармашты. Бул тууралуу МУККнын ЖМК жана коом менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалымдалгандай, кармалган полковник жеке ишкерден машинадагы жүктөр тууралуу документ талап кылынган шарттарга жооп бербейт деген шылтоо менен акча өндүргөн.

МУККнын тергөө башкармалыгы "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Пара алуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кармалган жаран МУККнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда тийиштүү иликтөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД