Маданият, маалыматтык саясат жана туризм министри Султан Раев "Көркөм-эксперттик кеңеш түзүү буйругун" жокко чыгарды. Бул тууралуу министрликтин басмасөз кызматы билдирди.
Бул чечим чыгармачылык эркиндик жана маданият жана искусствонун ар тармактуу өнүгүүсүн колдоо максатында кабл алынды.
Эске салсак, көркөм-эксперттик кеңеш 2012-жылы пайда болгон.