Президент Алмазбек Атамбаев "2012-жылдын 5-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы келишимдиратификациялоо тууралуу" Мыйзамга 14-мартта кол койду. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 28-февралында кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ратификациялоо грамоталарын алмашууну жүргүзүүгө тийиш.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.