Кыргызстандан Тажикстанга күйүүчү майды мыйзамсыз ташыган 397 факты катталган

"2012-жылы Тажикстандын бажы кызматы күйүүчү майдын Кыргызстандан мыйзамсыз ташылуусу боюнча 397 фактыны каттаган", - деп өз докладында Фергана өрөөнү боюнча адис, журналист Хайрулло Мирсаидов белгиледи.

Анын айтымында, былтыр 58 млн литр мыйзамсыз күйүүчү май колго түшкөн.

"Тажикстандын укук коргоо түзүмдөрү да күйүүчү май аткезчилигин токтотуу дээрлик мүмкүн эместигин айтышууда. Себеби, чек арадагы көпчүлүк аймактар так белгиленбегендиктен кайтарылбайт. Ушундай абалдан маңзат саткандар да колдонууда. Афганистандан маңзатты алып өтүүдө Фергана өрөөнү эң негизги жол болуп эсептелет. Эгер 2012-жылы Тажикстандан Согди облусунан мыйзамсыз делген 575 кг маңзат алынган болсо, ушул жылдын январь айында эле колго түшкөн маңзаттын көлөмү 230 кг болду", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД