Беш милиция кызматкери атажуртчу депутаттарга доосу жок экенин билдиришти

"Ата-Журт" фракциясынын депутаттары – Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун сот иши бүгүн да уланып, жарыш сөз убагында жабыр тарткан милиция кызматкерлери депутаттарга карата айткан айыптоолорунан баш тартты.

Жабыр тарткандардын айтымында, алар буга чейин эле депутаттарга эч кандай доосу жок экенин билдиришкен.

Өз кезегинде жабыр тарткан Мамлекеттик коргоо кызматынын он чакты кызматкери мамлекеттик айыптоочуну толугу менен колдоого алды.

Эскертсек, мамлекеттик айыптоочу атажуртчу депутаттарды 10 жылга чейин эркинен ажыратууну соттон суранууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД