Атажуртчу депутаттардын сот иши боюнча материалдар иликтенип бүттү

"Ата-Журт" фракциясынын депутаттары – Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун сот ишине төрагалык кылган судья Адыл Субанкулов бүгүн, 14-мартта, иштин материалдарын иликтөө аяктаганын билдирди.

Анын айтымында, буга чейинки сот отурумдарында күбөлөр жана жабыр тарткандардын бардыгы суралып бүткүндүктөн жана алар тарабынан кандайдыр бир өтүнүч арыздары болбогондуктан сот иштин материалдарын иликтөөгө өтөт деп маалымдалган.

Субанкулов бүгүн иш материалдарын иликтөө аяктады деп айтууга боло турганын айтып, тараптар жарыш сөзгө өтө турганын кошумчалады.

"Тараптардын жарыш сөзгө чыгуу процедурасы төмөндөгү схема менен өтөт: мамлекеттик айыптоочу, жабыр тарткандар, адвокаттар, коомдук жактоочулар жана айыпталуучулар", - деп билдирди судья.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД