МУККнын коррупциягы каршы кызматы 100 миң пара алып аткан жеринен ИИМ академиясынын жетекчи орун басарын кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын (МУКК) ЖМК жана коом менен байланыш бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, колго түшкөн жетекчи кол алдындагы кызматкерден кызматтык мүнөздөгү маселесин оң жакка чечип берүү үчүн 5 миң доллар пара алган.
Иш бөлмөсүн тинтүү учурунда көргөзүлгөн акча каражатынан тышкары ири суммадага чет элдик валюталар да табылган.
МУККнын тергөө башкармалыгы "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Пара алуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.
Андан сырткары пара алууга тийиштиги бар деп ИИМ академиясынын жетекчиси да кармалды.
Кармалгандар МУККнын убактылуу тергөө жайына камакка алынды. Иликтөө иштери жүрүүдө.