"Чөптү кор тутсаң көзүңө түшөт. Бүгүн кыргыз элинин арасында жашаган коомубузду жамандап айтуу адатка айланып кетти. Жоктун ороосу толбойт деген кеп бар. Жок дей берсек, түбү барып жок болуп кетет. Эл арасында айтылып аткан терс сөздөр жаман энергияны пайда кылып атат",- деген оюн Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 14-марттагы, пленардык жыйында "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Эгемберди Эрматов билдирди.
Ал бардык айтылган сөздүн кайтарымы бар экенин айтты. "Жаман сөз артынан сөзсүз жамандык келет. Андыктан биз эч кимге жамандык каалабайлы. Жаман сөздөн, суук сөздөн алыс бололу",- деди ал.