Москва шаар жетекчилиги тарабынан уюштурулган Нооруз майрамын белгилөө салтанатына кыргыз сахна чеберлери да катышат. Майрам 24-мартта Лужниктеги "Россия" мамлекеттик борбордук концерттик залында өтөт. Ага түрдүү мамлекеттерден артистер катышат.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришкендей, бул салтанатка Кыргызстандан – эл артисти Курмангазы Азыкбаев, ырчы Каныкей Алымбекова жана бийчи Атай Өмүрзаков өзүнүн "Тумар" тобу менен катышат.
Москва шаарынын мэриясынан билдиргендей, мындай ири масташтабдагы иш-чара былтыр да ушул эле Лужникте өткөрүлгөн. Быйылкы салтанат андан да чоң болот. Мында түрдүү элдердин маданияттары көргөзүлөт жана мамлекеттер ортосундагы достукту чыңдоого багытталган.
Ошондой эле башка элдердин кол өнөрчүлүгү жана улуттук ашканасынын көргөзмөсү да болот.