Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков өзүнүн Facebook социалдык тармагына "Президент эмне үчүн 120 депутаттын 28ине гана мамлекеттик кызмат чиндерин берди? - деп жазды.
"Акыркы жумада Президент Атамбаев 120 депутаттан 28ине жогорку мамлекеттик кызмат чиндерин (3-класстагы мамлекеттик кеңешчи) өзүнүн указы менен ыйгарды. Менде суроолор пайда болуп атат... Эмне үчүн 28? Кандай критерийлер менен 28 депутат тандалды? Калгандары татыктуу эмеспи? Бири Атамбаев үчүн жакшы, эмне үчүн экинчилери жаман?"- деп суроо салат эл өкүлү.
Жээнбеков ошондой эле: "Менимче, президент адилеттүү болуп, өзүнүн бардык атуулдарына бирдей мамиле жасашы керек!",- деп баса белгилеген.