Карамушкина менен Жолдошова парламент жыйынында айтыша кетти

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 13-марттагы, жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина менен "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошова айтыша кетти.

Жолдошова 7-марттагы пленардык жыйында Карамушкина Жалал-Абатта митингге чыккан баатыр энелерди мазактаган деп айтты. "Биздин энелерди шылдыңдаганга укугуң жок. Ал эми Сиз, төрага, Карамушкинанын микрофонун өчүрүшүңүз керек болчу. Ошол эле Орусияда татар же дагестандык депутат андай айта албайт. Эне кыргыздар үчүн - ыйык", - деди Жолдошова.

Карамушкина да жөн калбай, микрофонго келди. Бирок төрага Асылбек Жээнбеков Жолдошованын микрофонун өчүрүп, түшкү тыныгуу жарыялады. Бирок ага карабастан депутат айымдар өз ара айтыша кетти. "Мага сөөмөйүңдү кесеп кыйкырба. Бул жер сага базар эмес, кыйкырба", -деп Карамушкина ачууланды.

Жолдошова ага жооп кылып, баатыр энелерди шылдыңдаба деди.

Карамушкина "Сенин уятың жок" десе, Жолдошова "Сен уяттуусуңбу", -деп жооп кайтарды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД