Турсунбай Бакир уулу демилгелеп аткан дем алыш күндү жума күнгө жылдыруу сунушу боюнча өз оюн айткан Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Абдилатиф Жумабаев "азырынча бул демилге Кыргызстан үчүн эрте", -деген оюн билдирди.
"Сунуштарды демилгелөө депутаттын иши. Менин жеке пикиримде дем алыш күндү жума күнгө жылдыруу Кыргызстан үчүн азыр эрте", - дейт ал.
Ал эми Лугмар ажы Гуахунов ислам дүйнөсүндө дем алыш күндөр бул – шаршемби жана жума күндөрү экенин билдирди. "Депутаттын демилгеси колдоого алынабы же жокпу, аны билбейм. Биз мусулмандар мамлекеттин кабыл алган чечимдерине баш ийебиз", - деди ал.
"Хадис" аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин президенти Салтанат Мусуралиева намаз окуу ар кимдин жеке иши экенин айтып, намаз окугусу келген жетекчилер бөлмөсүнүн бир бурчунда окуй берсе болорун билдирди. "Биз светтик өлкөдө жашаганыбызды да унутпашыбыз керек",- дейт ал.