"Жыйырма жыл ичинде Кыргызстан көп конфессиялдуу мамлекет болуп чыга келди. Көптөгөн чиркөө жана сыйынуучу жайлар курулду. Кыргызстан үчүн жаңы болгон жаңы диний агымдар көбөйдү. Андыктан диний билим берүү маселесин талкуулоо бышып жетилди". Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Абдилатиф Жумабаев "ВБ"да өткөн маалымат жыйында билдирди.
Ал ошондой эле Кыргызстанда диний жактан билим берүү өтө татаал экенин айтты. "Бул маселе мамлекеттин ичинде да, анын сыртында да бирдей. Чет жакта окуган жаштарыбыз ал жактан алып келген билими биздин коомго туура келбеген учурлар катталууда. Ал эми Кыргызстанда диний багыт боюнча берилип аткан билимдин сапаты төмөн. Албетте, бул маселерди чечүү керек", - деди ал.