Ишкерлер каржылык отчеттун үч түрүнүн бирин ыктыярдуу тандай алат

Жогорку Кеңеште өлкөдөгү ишкердик субъектилеринин бухгалтердик эсеп-кысап жаатындагы каржылык отчеттуулугун эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө багытталган "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Тармактык комитеттин төрагасы Улугбек Кочкоровдун айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, кичи жана орто ишкердик чөйрөсүн өнүктүрүү максатында, алардын каржылык отчеттун үч форма түрүнүн бирин ыктыярдуу тандан алуусуна мүмкүнүчүлүк түзүлүп жатат. Ошондой эле, ал жалпы эле каржылык отчеттуулуктун ыраатка салынышына түрткү берет.

Мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД