Базар шартындагы атамекендик соода мамилелери мамлекет тарабынан жөнгө салынат

Бүгүн, 13-мартта, өтүп жаткан Жогорку Кеңеш жыйынында базар шартындагы соода мамилелерин жөнгө салууга багытталган "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Улукбек Кочкоровдун айтымында, соода-сатыкты уюштурууда, айрыкча соода ишин жүргүзүүчүлөр менен керектөө товарларын алып келүүчүлөрдүн ортосунда талаш-тартыштар арбын. Ошондон улам, аларды мамлекеттик жөнгө салуу зарылчылыгы жаралууда.

"Мыйзам керектөө товарларын алып келүүдө жана сатууда мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана чарбакер субьекттердин, ошондой эле чарбакер субьекттердин ортосунда келип чыгуучу ички соода-сатык чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуу менен, соода ишкерлерине негизсиз талаптарды таңуулоону чектейт, атаандаштыкта бирдей эмес шарттарды түзүүчү аракеттерге тыюу салат", - дейт Кочкоров.

Ал эми мыйзам долбоорунда каралган монополияга каршы эрежелердин жана талаптардын сакталышын көзөмөлдөө милдети монополияга каршы күрөшө турган мамлекеттик органга жана анын аймактык бөлүмдөрүнө жүктөлөт. Айрым бир маселелер КР Өкмөтүнүн укук ченемдик актылары аркылуу жөнгө салынмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД