Үй тоногон деп Бишкекте Иорданиянын жараны кармалды

Бишкекте уурулук үчүн Иорданиянын жараны кармалды. Бул тууралуу Бишкек ИИББнын басмасөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын 30 жаштагы тургуну уурунун курмандыгы болгон. Аял жумушунда жүргөндө анын таанышы эшиктин кулпусун сындырып кирип, үйдөгү болгон баалуу нерселерди ташып кеткен. Октябрь РИИБнын кызматкерлери изи сууй элегинде Кыргызстанда убактылуу жашап аткан 26 жаштагы Иорданиянын жаранын кармашты. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД