Оппозициянын бүгүн, 13-мартка, белгиленген митингинен улам "Ак үй" алдындагы коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Тактап айтканда, парламент имаратынын түндүк тарабында камуфляж кийген 20дай аскер турат. Түштүк-батышында 10дой жана түштүк-чыгышында да ушунча аскер турат. Ал эми "Ак үйдүн" жанында эки автобус менен милиция кызматкерлери да турат. Алар атайын кийимдерди кийишкен. Имараттын батыш тарабында 80дей милиция кызматкери бар.
Митингчилер учурда борбордук аянтта жок.