Кечээ, 12-мартта, Москва шаарындагы Бүткүл Орусиялык көргөзмө борборунда жайгашкан "Кыргызстан" соода-көргөзмө борборунда "Кыргызстан – ВВЦ-2013. Экологиялык таза продукция" аттуу көргөзмө-жарманке ачылды. Аны уюштурууга "Кыргызстан" соода-көргөзмө борбору, республиканын соода-өндүрүш палатасы, КР экономика министрлиги, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жана башкалар көмөк көргөзүшкөн.
Бул көргөзмө жарманкеге консерва, кургатылган жемиштер, азык-түлүк продуктулары, минералдык суу, алкоголсуз суусундуктар жана кыргыз тикмечилеринин буюмдары коюлган. Катышуучулардын арасында "Бишкек" эркин экономикалык аймагы, "Мол түшүм" Кыргызстандагы кооперативдердин союзу, "Келечек" ААК, "Артезиан" ЖЧК, "Агропласт", "Шоро" ЖАК, "Памир" ЖЧКсы жана башкалар бар.
Көргөзмө-жарманкенин ачылышында сөз сүйлөгөн "Кыргызстан" соода үйүнүн башкы директору Обозкан Сардарбеков, Кыргызстандын соода-өнөр жай палатасынын өкүлү Кубанычбек Кожоев кыргызстандык товар өндүрүүчүлөр Орусия менен болгон соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүп атканын белгилешти.
Обозкан Сардарбековдун айтымында көргөзмө-жарманке 25-мартка чейин уланат.