Тру, качан туура жазасынар? "Класстык чендер.." Класстык чин, мадырабаштар десе!
Кыргызстанда 14 миңден ашуун чиновниктин класстык чендери бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик кадр кызматынын статс-катчысы Бакытбек Сагынбаев билдирди.
2015-жылдан баштап класстык чендерди жоюу боюнча мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Замир Бекбоев канча чиновниктик класстык чени бар деп кызыкты.
Өз кезегинде Сагынбаев бүгүнкү күнү республика боюнча жалпы чиновниктердин саны 15 785 экенин айтты. "Алардын 985инин класстык чендери бар", - деди ал.