11-майда Ысык-Көлдө экинчи эларалык марафон өтөт

11-майда Ысык-Көлдүн жээгинде Кыргызстандын Run the Silk Road аттуу экинчи марафону өтөт. Марафонду уюштуруучулар Маданият, маалымат жана туризм министирлигинин туризм департаментине катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылып берүүнү өтүнүп кайрылышкан.

"Өткөн жылы биз өз алдыбызча трассаларды жаап, катышуучуларды өткөрүү бир топ оор болгон. Өткөн жылы марафонго 13 мамлекеттен 900 киши катышкан. Бул жолкусунда миңден ашык катышуучу катышат деп үмүттөнүп атабыз. Эгер биз Борбор Азияда туризмдин борбору болобуз десек, анда жергиликтүү калкты мындай иш-чараны туура кабыл алууга үндөшүбүз керек", - деп "Эл аралык марафон дирекциясы" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы Мелис Надыров билдирди.

Run the Silk Road марафонун өткөрүү күнү түрдүү уюмдар тарабынан кабыл алынып, бекитилген.

Марафон саат 9-00дөн 16-00гө чейин Бостери жана Темировка айылдарынын ортосунда өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД