"Кыргызстанда учурда болжол менен 3 миңдей журналист бар". Бул тууралуу Кыргызстан ЖМК кызматкерлеринин профсоюзунун жетекчиси Мэри Бекешова ЖМК профсоюздары боюнча өтүп аткан тегерек столдо билдирди.
Ал ошондой эле азыр Кыргызстанда канча ЖМК кызматкери бар экенин тактоо үчүн иштер жасалып атканын белгиледи.
Бекешова өз сөзүндө профсоюздук уюмдар журналисттер үчүн керектигин айтат. "Эгер бир редакцияда профсоюздук уюм болсо, алар ал жакта иштеген журналисттердин жана башка кызматкерлердин укугун коргой алышат. Мисалы, мамлекеттик ЖМКларда иштегендер айлык акыны көтөрүү боюнча талап кое алышат. Бирок жеке менчик ЖКМлардан андай талап кылуу дээрлик мүмкүн эмес. Ошондой эле аймактарда да журналисттердин эмгек укуктарын коргоо да түрдүү. Мисалы, Нарын облусу бийик тоолуу аймак. Ал жерде иштеген башка кызматкерлерге бийик тоолуу аймак деп атайын кошумча жөлөк пулдар төлөнөт. Бирок журналисттер үчүн андай кошумча акы каралган эмес. Алардын иш тартиби такталган эмес жана көпчүлүгүнө өргүүгө чыкканда анын орду төлөнүп берилбейт"- дейт ал.