"Түндүк электр" компаниясы 2013-жылдын февраль айында 452,4 млн сом чогултту

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында "Түндүк электр" ААК бөлүштүрүү тармактарына 726 млн кВт саат электр энергия келип түштү. Бул тууралуу компаниянын басмасөз кызматы билдирди.

"Түндүк электр" ААКнын товардык өнүмү 505 млн сомду түзсө, ал эми февралда акчалай чогулум 452, 4 млн сом, же болбосо жарыяланган эсептин 90%ын түздү.

Мурдагы жылга салыштырмалуу электр энергиянын жоготууларынын көлөмү 4,8%дан ашуун кыскарды.

2013-жылдын февраль айына калктын төлөм чогулуму 95 % га аткарылды. Анын ичинен:

өнөр жай объектери боюнча - 88 %,

бюджет мекемелери боюнча - 71 %,

айыл чарба объектери боюнча -105 %,

жана башка пайдалануучулар - 88,4 % коюлган эсептин суммасы аткарылды.

Февраль айынын жыйынтыгы боюнча бөлүштүрүү компания тейлеген аймактардын төлөм чогулуму төмөндөгүдөй:

Борбордо - 90 %,

Чүй областы - 92 %,

Талас областы - 78,5 %.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД