Ниязалиева: Ушуга чейин мурдагы бийликтин катачылыгын жоюу менен гана иштедик

"Парламентти таркатуу менен эле Кыргызстан ийгиликке жетпейт. Азыркы шартта экономикалык шартыбызды дагы эске алышыбыз керек" - деп эсептейт айрым саясий күчтөрдүн Жогорку Кеңешти таратуу боюнча чакырыктарына пикирин билдирген депутат Дамира Ниязалиева.

"Парламенттик шайлоо - мамлекеттин капчыгынан чоң чыгымды талап кылат. Бул керексиз, ашыкча чыгымдарга мектептерди, башка зарыл социалдык объектилерди салып алсак болот. "Жогорку Кеңешти таркатуу керек" дегендер карапайым элдин арасынан чыгып жаткан жок. Бул чакырык - айрым саясий топтордун гана аракети", - деди Ниязалиева.

"Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы, биз, депутаттар, ушуга чейин мурдагы бийликтин кетирген катачылыктарын мыйзам чегинде оңдоп, мыйзам талаасында кемчиликтерин жоюу менен гана алек болуп келдик. Эми биз мамлекеттин экономикасын өнүктүрүү, алдыга жылдырууга багытталган аракеттерди көрүп, тиешелүү мыйзамдык актыларды, программаларды кабыл алып жатабыз. Аны ишке ашырганга убакыт керек", - деди депутат айым.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД