Учурда Бишкекте дарыгерлердин тартыштыгы дароо байкалууда. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаттары кезексиз жыйын учурунда билдиришти.
Айтылган маалыматка ылайык, Бишкекте 151 педиатр жана 180 реаниматолог жетишпейт. Ошол эле убакты акыркы учурда Кыргызстандан бир нече миңдеген профессионал кадрлар кетишкен.
"Бүгүн бизге бул тармакты каржылоо 149 млн сомго чейин кыскарат деп атат. Биз кадрларды кармап калыш үчүн жана бул абалдан чыгуунун жолун тапкандай болдук эле. Бирок бизди жасалма жол менен кызмат орундарын түзүп атасыңар деп да айыпташууда", - деп депутаттар ачууланды.
Шаардык кеңештин депутаттары ошондой эле кургак учук жана гепатит вирусунун өсүшүн да көтөрүштү.
Өз кезегинде вице-мэр Айгүл Усубакунова саламаттыкты сактоо мамлекеттик башкармалыгы базар, мектеп жана шаар ичинде кургак учуктун жайылуусун алдын алуу боюнча аракеттерди көргөнүн кошумчалады.
"Ал эми гепатит вирусу тууралуу айта турган болсок, бул дарт төрт жылда бир күчөй турганын эске алышыбыз керек. Азыр биз дал ушундай учурда жашап атабыз", -деди вице-мэр.