"Бүгүн шаардын негизги көйгөйү – салыктардын толук жыйналбашы болууда", - деп Бишкек мэри Иса Өмүркулов шаардык кеңештин бүгүнкү, 11-марттагы, кезексиз жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы 700 млн сом салык жыйналбай калган.
"Социалдык тамактанууга жана башка көйгөйлөр ушундан улам чыгууда. Ал эми Бишкектин салык инспекциясынын жетекчиси тууралуу айта турган болсок, мен ага кат жөнөттүм. Биз көрүп тургандай салыкты жыйноо бүгүн да болсо уланууда. Эки айда салык жыйноонун деңгээли өстү. Мындан ары да ошондой болот деп үмүттөнөбүз", - деди Өмүркулов.
Шаар башчы ошондой эле быйыл болжонгон салык жыйноо аткарылбаса, ага жооптуу кишилер тийиштүү жазасын алып, кызматынан алына турганын кошумчалады.