Кыргызстандык эки компанияга сүттү Казакстанга экспорттоого уруксат берилди

"Бишкексүт" жана "Кант-сүт" ишканалары сүт жана сүт азыктарын экспорттоону жандандырат.

Сүт жана сүт азыктарын Казакстанга экспорттоого Кыргызстандык эки компанияга уруксат берилди. Бул тууралуу Санитария, ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басмасөз кызматы билдирди.

7-март күнү сүт азыктарын Казакстанга экспорттоо үчүн "Бишкексүт" ААКы менен "Кант-сүт" ЖЧКсы расмий уруксатт кагазын алышты.

Эскертсек, Бажы биримдигине мүчө мамлекеттердин ветеринардык кызматы 24-29-декабрь күндөрү Кыргызстандагы 11 сүт өндүрүүчү ишкананы сапат жана сүт азыктарынын коопсуздугу боюнча текшерүүгө алган. Текшерүү учурунда Бажы биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптарына жооп бербеген бир катар талаптар менен нормалар катталган.

Берилген мөөнөт ичинде мамлекеттик инспекция тарабынан айтылган эскертүүлөрдүн бардыгы калыбына келтирилген. Тийиштүү бардык маалыматтар Казакстандын айыл-чарба министрлигинин ветеринардык текшерүү жана көзөмөл комитетине берилген.

Жыйынтыгында Бажы биримдигинин ветеринардык кызматы сүт жана сүт азыктарын Казакстанга экспорттоо үчүн Кыргызстандын эки компаниясына – "Бишкексүт" ААКы жана "Кант-сүт" ЖЧКсына уруксат беришкен. Эки ишкана продукцияны чыгарууда бажы биримдигинин санитардык-ветеринардык талаптарын жана нормаларын сакташкан.

Азырынча жети компаниянын продукцияларын экспорттоого убактылуу туюу салынса, эки компанияга Бажы биримдигине сүт азыктарын экспорттоого аттестация берүүдөн баш тартылган.

Мамлекеттик инспекция убактылуу туюу салынган жети компаниянын ишин жанжандыруу боюнча иштин үстүндө аракеттерди көрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД