Депутаттардын ишеним кат аркылуу добуш берүү мүмкүнчүлүгү каралууда

Жогорку Кеңеште депутат Анарбек Калматов тарабынан сунушталган "КР ЖК Регламенти жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Тармактык комитеттин өкүлү Гүласал Садырбаеванын айтымында, депутаттардын парламент жыйындарына катышуу жана добуш берүү тартибин ыраатташтырууга багытталган. Ошондон улам, "депутат жеке өзү жана ишеним кат аркылуу добуш берүү ыйгарым укугун ишке ашыра алат" деген түзөтүү киргизилүүдө.

Мындайча айтканда, бул мыйзам аркылуу кайсы бир себептерден улам жыйынга катыша албаган депутаттардын ишеним кат менен добуш берүүсүнө мүмкүнчүлүк берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД