Борбор калаада 45 жаштагы таксистке кол салуу болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басмасөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-мартта болжол менен 18-30дар чамасында Батыш автовакзалынан жашы 25-30 жаштардагы жүргүнчү таксиге отурган. Машина шаар четине чыкканда аны токтотууну суранган. Ал айдоочунун мойнуна жип салып, аны муунтканга аракет кылган. Тартип сакчыларынын айтымында, кылмышкер айдоочунун "Ауди-100" машинасын тартип алууну көздөгөн.
Биринчи Май райондук ИИБдин ыкчам тобунун кызматкерлери изи сууй электе 33 жаштагы Талас облусунун тургунан кармашкан. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.