Сот атажуртчу депутаттарды бошоткон жок

Бүгүн, 7-мартта, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун сот иши судья Адыл Субанкуловдун төрагалыгында уланды. Сот депутаттарды боштондукка чыгаруу боюнча адвокаттардын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Сот ишине төрагалык кылган судья Субанкуловдун айтымында, адвокаттардын келтирген жүйөлөрү "негизсиз" жана алардын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө себеп жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД