Равшан Сабиров бардык мүлкү конфискацияга алынып, 5 жылга эркинен ажыратылды

Экс-министрдин жактоочусу Сабировду кайсыл убактылуу кармоочу жайына алып кеткенин билбейт.

Равшан Сабиров сот залынан камакка алынды. Бул тууралуу экс-социалдык өнүгүү министринин адвокаты Икрамидин Айткулов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Бишкек шаардык сотунда судья Ирина Воронцованын төрагалыгы алдында Сабировго карата өкүм чыкмак, бирок экс-министрдин жардамчысы Мирзаахмедов акыркы сөзүндө пара катары алынган 5 миң долларды Сабировго бергенин айткан. "Ушундан улам сот менин жактоочумду беш же алты жылга эркинен ажыратты. Мен чыгарылган өкүмгө абдан таң калгандыктан берилген мөөнөтүн да так эстей албай калдым",- дейт Айткулов.

Ал чыгарылган өкүмдү мыйзамсыз деп атады. "Сот бир күбөнүн берген көрсөтмөсү боюнча мындай өкүм чыгарбаш керек болчу. Иш толугу менен саясатташып кетти", - дейт адвокат.

"Ушундай чечим менен бийлик коррупция менен күрөшүп атабыз дегенди көргөзгүсү келип атат. Мен бул өкүм боюнча сөзсүз түрдө Жогорку сотко кайрылам", - деп Айткулов баса белгиледи.

"Менин жактоочумду кайсыл убактылуу кармоочу жайга алып кетишкенин билбейм. Балким МУККнын убактылуу кармоочу жайына алып кетиши мүмкүн. Учурда мен анын жерин тактап атам".

Жогорку соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева Сабировду бардык мүлкүн конфискацияга алуу менен беш жылга эркинен ажыратылганын "ВБ"га билдирди. Ал эми Мирзаахмедов 3 жылга эркинен ажыратылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД