Бишкектеги Ибраимов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн чатырын ал үйгө тиешеси жок жеке тарап менчиктештирип алды. Бул тууралуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы коомдук байкоочу кеңештин мүчөсү Николай Кравцов билдирди.
Ал үйлөрдүн чатырларын менчиктештирүү бир канча жыл мурун – 2006-жылы эле башталганын белгиледи.
"Анда бейтааныш киши студиясынын үстүнө дагы бир этаж салууну пландап атканын айтып, мэрияга кайрылган. Мэрия ага уруксат берип, ал көп кабаттуу үйдүн чатырын менчиктештирип алган. Азыр анын ээси болуп калды. Чынында ал бул үйдө жашаган эмес жана ал жакка тиешеси да жок", - деди ал.
Кравцов ошондой эле аталган үйдүн жашоочуларынан чатырды менчиктештирүүгө каршы эмеспиз деген таризде жашоочулардын колу топтолгон имиш деп кошумчалады.
"Ошол кагазга кол койгондордун арасында 4 жыл мурда өлгөн кишинин да колу жүрөт. Демек, кагазга маркум кол койгонбу? Анан калса көпчүлүк кол жасалмалуу коюлган. Биз менчиктештирүүнүн мыйзамсыз экенин айтып сотко кайрылдык. Сот мэриянын чечимин жокко чыгаргандын ордуна, чындап эле үйдүн чатыры ал адамдын менчиги экенин айтууда", - деп ачууланды ал.