Бүгүн, 7-мартта, "Манас эларалык аэропорту" ААКтын жаңы жетекчи курамы дайындалды. Бул тууралуу аэропорттун басмасөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ачык акционердик коомдун башкармалыгынын төрагасы болуп Албек Ибраимов, компаниянын биринчи вице-президенти болуп Нурлан Мамыров дайындалды.
Абдималика Бусурманкулова өндүрүштү башкаруу боюнча вице-президент болуп дайындалды. Ал эми экономика жана оптимизация боюнча вице-президент болуп Эмил Карымбеков дайындалган.
Даира Токобаева болсо инвестициялык өнүгүү жана эл аралык кызматташуу боюнча вице-президент болуп дайындалды.
Компаниянын басмасөз кызматынан билдиргендей, "бул кайра түзүлүү Манас эларалык аэропортунда олуттуу кадрдык өзгөрүүлөрдү шарттабайт".