Дамира Ниязалиева Спорт ордосунун жанына көп кабаттуу үйдүн курулушуна ачууланды

КСДП фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 7-марттагы жыйынында Кожомкул атынданы Спорт Ордосунун жанына курулуп аткан көп кабаттуу үй тууралуу маселени көтөрдү.

"Имараттын түндүк тарабына көп кабаттуу үй курулууда. Анын айланасы тосулгандыктан машиналар өтө албай атат. Барынан да көңүл кейиткени машина токтотуу үчүн берилген жерлер көп кабаттуу үй салуу үчүн берилип атат. Ал жакта жерди казып коюптур. Бул аймакка курулуп аткан көп кабаттуу үйлөр боюнча ким жооп берет? Качанкыга чейин борбордо мыйзамсыз курулуштар боло берет?", - деп суроо салды эл өкүлү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД