Орусияда Кыргызстандык жаранды өлтүргөн деп шектелген киши кармалды

Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн белгисиз адамдын сөөгү 25-февраль күнү Москва облусунун Химки шаарындагы үйлөрдүн биринде табылган. Кийинчерээк өлгөн адам Кыргызстандын жараны, 1971-жылы туулган Каныбек Кожоев экени белгилүү болгон.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришкендей, сот-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, Каныбек баш мээсине алган жаракаттан улам каза болгон. Элчиликтин жардамы менен бардык юридикалык процедуралар такталып, маркумдун сөөгү Москвадан Ошко учак аркылуу жөнөтүлгөн. Адам өлтүрүү фактысы боюнча Москва облусунун укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоду.

Кыргызстандын элчилигинен билдиришкендей, Каныбек Кожоевди өлтүрдү деп шектелген киши кармалды. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД