"Ош окуясы учурунда сырткы күчтөрдүн таасири даана эле байкалып калды. Апрель окуясынын иликтеген мамлекеттик комиссиянын, Ош окуясын иликтеген улуттук комиссиянын мүчөсү катара мен муну ишенимдүү эле айта алам",- деп "Азаттыктын" 6-марттагы "Ыңгайсыз суроолор" программасынын түз эфиринде коомдук ишмер Жыпар Жекшеев билдирди.
Ал ошондой эле учурда деле сырттан каражат келип атышы толук мүмкүндүгүн айтат. "Сырт жактан каражат келип турарына ишенем. Бакиевдер деле жөн жаткан жок. Алар балким саясый кыймылдарга, партияларга, ишмерлерге өлкөдөгү абалды туруксуздаштыруу үчүн акча жиберип атышы мүмкүн",- деди ал.
Өз кезегинде "Кыргызстанды коргоо кыймылынын" жетекчиси Мукар Чолпонбаев алардын кыймылы чет жактан эч кандай акча каражатын албай турганын билдирди.
"Биздин кыймылга сырт жактан эч кандай каражат келген жок. Биз өзүбүздүн каражатка иш-чараларды өткөрүп, митингдерге чыгып атабыз",- дейт ал.