Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Караколдун мэринин отставкасынын себебин айтты

"Шаардык кеңештин депутаттары Караколдун мэрине ишеним көргөзбөгөндүктөн, ал отставкага кетти", - деп өкмөттүн Ысык-Көл боюнча толук ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Асанакунов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, шаардык кеңештин депутаттары шаар мэри Ишенбек Өмүрканов тарабынан сунушталган Караколдун өнүгүү стратегиясын эки жолу жаратпай коюшкан.

"Андан сырткары, шаардын балансында турган 36 гектар жерди мэрдин сатып ийүүсү боюнча комиссия иштеп атат. Мына ушундан улам депутаттар ага ишеним көргөзүшкөн эмес. Анан ал отставкага кетүүгө мажбур болду", - дейт өкмөттүн өкүлү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД