Чакиев же Чекиров???
"Болгария Кыргызстандын "Kyrgyzstan – so much to discover" деген туристтик брендин көчүрүп алган. Болгарлар аны иштеп чыгууга 900 миң евро коротушкан",- деп туризм боюнча эксперт Максат Чекиров бүгүн, 6-мартта маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын бренди 2012-жылы эле түзүлгөн. Аны иштеп чыгууга 600 доллар сарпталган. Көпчүлүк туристтик компаниялар Кыргызстанды ушул бренд аркылуу тааныштырууга макулдугун беришкен.
Чакиев ошондой эле, Болгариянын экономика министри Кыргызстандын брендине окшош экенин билип, брендди кайта иштеп чыгуу керектигин айтканына карабастан Болгария учурда миллиондогон каражатты коротуп көчүрүлүп алынган брендди жарнамалап атат.
"Бул багытта Кыргызстан унчукпай отурат. Муну патенттеп алыш керек, антпесе кытайлар өздөрүнүн маданий мурасы катары "Манас" эпосун патенттеп алган сыяктуу болот", - деди ал.
Чакиев ошондой эле АКШ менен Германия дагы өздөрүнүн брендин иштеп чыгышканын жана жарнамалык кампанияларды өткөрүп экономикасынын өсүшүн шарттап атканын кошумчалады.
"Биздин өлкө да ошондойго муктаж. Баарынан да ал өзүбүзгө эле керек. Маданият, маалыматтык саясат жана туризм министрлиги муну кабыл алып, Кыргызстандын брендин таанытуу керек. Бул туристтик, инвестициалык, экспорттук, саясый керек болсо социалдык бренд болушу керек", - дейт эксперт.